Илим изилдөө инновациялык институту — КӨЭАУдагы мыкты ийгиликтердин пайдубалы!
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Илим изилдөө инновациялык институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Чаткалбай Райымбаев университеттин илимий борборлорунун жетекчилери менен атайын кеңешме өткөрдү.


“Илим изилдөө ишмердүүлүгү университет менен гана чектелбейт. Илимге кызыккан, идеясы бар ар бир адиске эшигибиз ачык. Университет ичинде болобу, сырттанбы – биз биргеликте иштөөгө даярбыз!” – деди Чаткалбай Кенейбаевич.
Коммуникация жана медиа департаменти