Тарых-филология факультетинде академиялык жазуу боюнча конок лекция өттү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Тарых-филология факультетинде студенттер үчүн мазмундуу жана пайдалуу конок лекция өткөрүлдү.
Кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Бактыгүл Исмаилова жана факультеттин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жаннат Каденова конок окумуштуу – филология илимдеринин кандидаты, доцент Сара Давлатовага ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууда өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Конок лектор Сара Давлатова «Академиялык окуу жана жазуунун негизинде кеп ишмердүүлүгүн өнүктүрүү» темасында лекция окуп, студенттерге баалуу маалыматтарды сунуштады. Лекция учурунда академиялык жазуу, ой жүгүртүү маданияты, маалыматты так жана жүйөлүү берүү сыяктуу көндүмдөр кеңири талкууланды.
Иш-чара соңунда Сара Давлатовага кафедра башчысы Б.Исмаилова конок лекция үчүн терең ыраазычылык билдирип, “Ыраазычылык кат” тапшырды.
Мындай форматтагы жолугушуулар студенттердин кесиптик жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө зор салым кошуп, теориялык даярдыгын практикалык көндүмдөр менен бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст