Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 1-курстарды салтанаттуу түрдө кабыл алуу жумалыгы жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыктоочу иш-чара катары Билим берүү инновациялары колледжинин студенттери үчүн атайын майрамдык кече уюштурулду.
Иш-чараны мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, ф.и.к., доцент Сыргак Сарыков университеттин ректорунун атынан куттуктоо сөзү менен ачып, жаңы кабыл алынган студенттерге ийгилик каалады. Андан соң колледждин директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Чолпон Абдулдаева сөз сүйлөп, студенттердин билим сапатын жогорулатуу үчүн уюштурулган борборлор жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Кече учурунда окуудагы жетишкендиктери, активдүүлүгү жана үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды.
Майрамдык концерт чыгармачыл студенттердин патриоттук ырлары жана улуттук бийлери менен коштолуп, майрамга келгендерге көтөрүңкү маанай тартуулады.
Коммуникация жана медиа департаменти





