КӨЭАУда ЭЛ АРАЛЫК ЖАҢЫ ИЛИМИЙ КЫЗМАТТАШТЫК

 Фергана мамлекеттик техникалык университетинин илимий делегациясы 2-декабрь күнү Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетине атайын иш сапар менен келип, илимий жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү иш-чараларга катышты.
 ФергМТУдан т.и.к., профессор Собиржонов Толибжон Мамасолиевич жана доцент Оринов Мухаммаджон мырзалар келип, КӨЭАУнун Илим, аспирантура жана докторантура (PhD) бөлүмүндө, ошондой эле Инженердик-технологиялык жана табийгый-педагогикалык факультетинде болушту.
Жогорку даражалуу делегацияны КӨЭАУнун окумуштуулары: Илим жана инновациялар боюнча проректор, э.и.д., профессор Атабеков Алмаз Каримович, т.и.д., профессор Исманов Медербек Марипжанович, ИТжТП факультетинин деканы, ф.-м.и.к., профессор Жээнтаева Жумагүл Кеңешовна, МСжТ кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор Өмүрбекова Гулзат Кочкорбаевна жана Илим, аспирантура жана докторантура PhD бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Исаев Ильязбек Эркинбаевичтер тосуп алып, илимий кызматташтыктын келечек пландарын талкуулашты.
 Конок окумуштуулар аспиранттар жана студенттер үчүн «Илимдин изги жолдору» аттуу мазмундуу доклад жасап, илимий изилдөөлөрдүн мааниси, заманбап илимдин талаптары жана жаш окумуштуулардын келечеги тууралуу баалуу ойлорун бөлүштү.
 Иш сапардын алкагында тараптар биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды жана семинарларды уюштуруу, ошондой эле PhD докторанттарын даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
 Бул иш сапар КӨЭАУ менен ФергМТУнун ортосундагы достук, ишеним жана илимий өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзүп, эки өлкөнүн илим жана билим берүү тармагына олуттуу салым кошууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
 Коммуникация жана медиа департаменти