Жамааттык келишимдин жаңы долбоору талкууланды

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректораты менен Бириккен кесиптик бирлик комитетинин ортосунда түзүлө турган кезектеги жамааттык келишимдин долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында эки тараптуу жамааттык келишимдин алкагында профессордук-окутуучулук жамааттын, кызматкерлердин жана студенттердин социалдык-экономикалык жана эмгектик укуктарын коргоо маселелери кеңири каралды. Ошондой эле эмгек шарттарын жакшыртуу, кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, студенттердин сапаттуу билим алуусуна өбөлгө болгон чөйрөнү бекемдөө багытындагы сунуштар талкууланды.

Комиссия мүчөлөрү тиешелүү мыйзамдардын так жана натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу, жамааттык келишимдин мазмунун заманбап талаптарга шайкеш келтирүү, кызматкерлер менен студенттердин кызыкчылыктарын тең салмактуу коргоо боюнча өз ой-пикирлерин билдиришти.

Жыйын жогорку уюшкандыкта өтүп, көтөрүлгөн бардык сунуш-пикирлер протоколго киргизилди. Алдыдагы мезгилде комиссия тарабынан сунуштар системалаштырылып, жамааттык келишимдин жаңыланган долбоору иштелип чыгары белгиленди.
Университет жамааты үчүн маанилүү болгон бул документ эмгек мамилелерин жөнгө салууда, социалдык кепилдиктерди бекемдөөдө жана билим берүү процессинин сапатын арттырууда негизги укуктук база болуп кызмат кылат.

Коммуникация жана медиа департаменти