Окуу-усулдук кеңешинин кезектеги отуруму

2023-жылдын 30-март күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу-усулдук кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Усулдук кеңеште “Студенттерге англис тилин минималдуу каражаттар менен кантип үйрөтүүгө болот?» деген маселени университеттин тарых-филологиялык факультетинин «Англис филологиясы” кафедрасынын башчысы Жаннат Каденова жана окутуучулары интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен кызыктуу кылып өтүп беришти.
Англис тилин тез үйрөтүүнүн инновациялык ыкмалары көп кызыгууларды жаратты. Андан сырткары окутуунун ХАКАТОН ыкмасы көйгөйлүү маселелерди чечүүдөгү эффективдүү жолдордун бири экендигин топтордо иштөө менен айкын түшүндүрүп беришти.
Окуу-усулдук кеңештин отурумун окуу иштери боюнча проректор Исаков Топчубай Эргешович жыйынтыктоо менен «Англис филологиясы” кафедрасынын окутуучуларына ийгиликтерди каалап, ыраазычылык билдирди.