Ош шаарында “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомдук бирикмесинин “Дыйкан” түштүк үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасынын жаңыдан курулган имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Аземге КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышып, ишкананын ишмердигине ийгиликтерди каалады. Мекеменин жетекчилиги Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине ыраазычылыктарын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кыргызстандык өндүрүшчүлөрдү колдоо саясатынын негизинде Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети аталган ишкана менен бирдиктүү иш жүргүзүп келет.
Анын алкагында 2023-2024-окуу жылында “Дыйкан” түштүк үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасына КӨЭАУнун студенттер үйүн жабдуу багытында жалпы суммасы 4323000 сомдук матрас, шейшеп, эмеректерге буйрутма берилген.