Ош шаарынын Мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев менен студент жаштардын жолугушуусу болуп өттү

2023-жылдын 3-ноябрында студенттердин сүйлөө жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, лидерлик жана ораторлук чеберчилигин арттыруу максатында пландаштырылган жолугушуу Ош шаардык мэриясынын жыйындар залында өткөрүлдү. Жогорудагы темада Сонунбек Жунусбаев кеңири маалымат берип, өзүнүн пайдалуу кеңештери жана тажрыйбалары менен бөлүшүп өттү. О.э. Сонунбек Калмаматович Ош шаарында аткарылып жаткан иштер боюнча дагы маалыматтарга токтолду.
Кызыктуу жолугушуу учурунда студент жаштар тиешелүү суроолорду беришип, алгылыктуу жоопторду ала алышты. Экинчи бөлүгүндө Ош шаардык мэриясына экскурсия уюштурулуп, иш үстүндө шаардык жарандарыбыз үчүн кызмат кылып жаткан мэрия кызматкерлердин иштерине күбө болушушту. Жолугушуу жана саякат жакшы өткөрүлүп, келечектеги адис ээлерине түрткү берерине, алдыга болгон чоң ишенимдер пайда болгондугун катышуучулар айтып өтүштү. Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерин жетектеп барган Сагын Маманов Ош шаарыбызда чоң өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын белгилеп, Ош шаарынын Мэри Бакытбек Жеңишбекович баштаган командасына, пайдалуу жолугушуу үчүн Сонунбек Калмаматовичке, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө, кызыктуу экскурсия уюштуруп бергендиги үчүн Эшмамбет Талантбековичке жана баардык тиешелүү жетекчилерге ыраазычылык билдирип өттү. Иш чара Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык байланыштар, инновация ж-а инвестиция боюнча ишмердүүлүгүнүн “Интеллектуалдар” борбору тарабынан уюштурулду.