“Пери – 2026”: КӨЭАУда сулуулар сынагы жогорку деңгээлде өттү

  Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинде жыл сайын салтка айланган “Пери – 2026” сулуулар сынагы жогорку деңгээлде өтүп, студенттерге шыктануу жана жаркын маанай тартуулады.
 Иш-чарага университеттин бардык факультеттеринен келген студент кыздар катышып, өз талантын, интеллектуалдык потенциалын жана көркөм өнөрүн көрсөтүштү.
  Сынакты университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, мындай маданий саамалыктар жаштардын чыгармачылык потенциалын өстүрүүдө маанилүү экенин белгилеп, талапкерлерге ийгиликтерди каалады.
  Сынакты эстрада жылдыздарынан, маданият өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу баалап, катышуучулар саламдашуу, талант көрсөтүү, суроо-жооп, “Өжөрлүү пери” жана “Сымбаттуу пери” деп аталган 5 багыт боюнча күч сынашты.
  Ар бир катышуучу сахнанын көркүн ачып, өзүнүн ар тараптуу жөндөмүн, талантын жана чеберчилигин көрсөтүштү. Ошентип, алкоо, сүрөөн менен коштолгон сынак төмөндөгүдөй жыйынтыкталды:
  Баш байге, “Пери – 2026” — Тарых-филология факультетинин студенти Аматова Саида;
  I орун — Алмантбетова Малика (СТЕМ колдонмо колледжи), Адина Төлөнбаева (Юридика-экономикалык факультет);
  II орун — Сабина Көчкөнова (Билим берүү инновациялары колледжи);
  III орун — Аяна Тойчиева (Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультет).
Атайын номинациялар:
  “Инстаграм периси” — Алмантбетова Малика;
  “Өжөрлүү пери” — Алтынбекова Назик;
  “Сымбаттуу пери” — Абдыкалыкова Клара.
  Иш-чаранын соңунда катышуучулар университет жана Бириккен кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланып, демөөрчүлөрдөн баалуу белектерди алышты.
  “Пери – 2026” сынагы студенттердин чыгармачылык дараметин арттырып, алардын коомдук активдүүлүгүн бекемдеген маанилүү маданий аянтча катары жыл сайын уюштурулуп келет.
  Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение свадьба, помост и текст
Нет описания фото.
Возможно, это изображение помост и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, люди учатся и толпа