Окутуучулар үчүн пайдалуу семинар өттү

 6–8-декабрь күндөрү Билим берүү инновациялары колледжинин базасында “Career Development” билим берүү борбору тарабынан “Өз алдынча иш жана баалоо каражаттарынын фонду: тапшырмалар жана окутуунун натыйжаларын баалоо” аталышындагы семинар-тренинг ийгиликтүү өткөрүлдү.
♦️ Семинарды аталган борбордун окутуучу-тренери Айгуль Абдукаримова алып барды. Иш-чарага Билим берүү инновациялары колледжинин, Гуманитардык-педагогикалык факультетинин “Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу” кафедрасынын окутуучулары жана “Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары” илимий-изилдөө борборунун методист мүчөлөрү активдүү катышышты.
♦️ Семинарда студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруунун жолдору, билимди баалоонун заманбап ыкмалары жана окутуунун натыйжаларын баалоонун стратегиялары практикалык тапшырмалар аркылуу кеңири түшүндүрүлдү.
Ошондой эле баалоо каражаттарынын фондун түзүүнүн усулдары сунушталды.
♦️Тренер Айгуль Абдукаримова окуу-усулдук материалдарды (силлабус, жумушчу программа, окуу-усулдук комплекс) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы №329 Токтомуна ылайык иштеп чыгууну сунуштап, семинардын акыркы күнүндө катышуучуларга жеке консультациялар берилди.
♦️Семинар жыйынтыгында “Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу” кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Топчубай Исаков жана Билим берүү инновациялары колледжинин директору Чолпон Абдуллаева семинардын жогорку деңгээлде, кызыктуу жана пайдалуу өткөнүн белгилеп, тренерге терең ыраазычылык билдиришти.
Коммуникация жана медиа департаменти