Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Медициналык колледжинин Жалпы медициналык сабактар бирикмесинин жетекчиси Рахат Токтобаева жана окутуучу Айгүл Касымбекова саламаттыкты сактоо тармагындагы тажрыйба алмашуу боюнча Түркияда өткөн эл аралык программага ийгиликтүү катышып келишти.
15–28-сентябрь күндөрү өткөн бул программада Кыргызстан менен Өзбекстандан барган саламаттыкты сактоо адистери Анкара шаарындагы алдыңкы ооруканаларда эки жума бою кесиптик байкоо жүргүзүп, билим жана тажрыйба алмашышты.
Программанын негизги максаттары:
• Түркиянын саламаттыкты сактоо системасы менен жакындан таанышуу;
• Клиникалык практика жана башкаруу процессин үйрөнүү;
• Эл аралык кесиптик жана маданий байланыштарды түзүү.
Программа “Yüksek İhtisas” университети, “Гази” университети, “Анкара Мемориаль” жана “Билькент” балдар ооруканалары, ошондой эле Demirtepe Life жана 100 жылдык (Yüz Yıl) ооруканаларынын базасында уюштурулган.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү жетекчилер жана адистер менен жолугушуп, пикир алмашышты:
– Проф. Кадирхан Сунгурлуоглу, Yüksek İhtisas университетинин ректору
– Проф. Шебнем Каваклы, Yüksek İhtisas университетинин Медицина факультетинин деканы
– Проф. Гюлай Узун, Yüksek İhtisas университетинин Саламаттыкты сактоо факультетинин деканы
– Уфук Йекбашлы, PhD, 100 жылдык оорукананын генералдык директору
Бул эл аралык тажрыйба алмашуу программасы Медициналык колледждин окутуучулары үчүн кесиптик өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачып, университеттин эл аралык кызматташтыгын дагы да кеңейтет.
Коммуникация жана медиа департаменти