ОШ ШААРДЫК МЭРИЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ КӨЭАУНУН ЖАМААТЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн, 2-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү менен университет жамаатынын катышуусунда көчмө жыйын болуп өттү.
 Иш-чара Ош шаарынын мэриясынын структуралык бөлүмдөрүнүн 2026-жылга карата иш пландарынын алкагында уюштурулду.
Жолугушууга Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ханбийке Асанова, КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган профессордук-окутуучулук курам катышты.
 Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү алгач КӨЭАУнун жаңы ачылган Эл аралык медицина факультети жана медициналык колледжинин материалдык – техникалык базасы, заманбап лабораториялык каражаттары менен таанышып чыгышты.
 Жыйындын алгачкы бөлүгүндө университеттин ректору Абдилбает Мамасыдыков 2025-жылы аткарылган иштердин жыйынтыктарына жана 2026-жылга коюлган негизги максаттарга токтолду. Ал окуу-тарбия процесси, илимий ишмердүүлүк, санариптештирүү, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана Ош шаары менен кызматташтык багытында бир топ алгылыктуу иштер аткарылганын белгиледи.
 Өзгөчө, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин колдоосу астында узак жылдар бери чечилбей келген университеттин мүлктөрүнө тиешелүү көйгөйлөр четинен чечилип атканын сыймыктануу менен баса белгилеп, эл аралык медициналык факультеттин ачылышы, эл аралык кызматташтыктын алкагында мэрия менен биргеликте ири иш-чаралар, илимий конференциялар жана симпозиумдардын жогорку деңгээлде өтүп жатканына токтолду.
 Андан соң университеттин илим жана инновация боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Алмаз Атабеков илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, профессордук-окутуучулук курамдын илимий активдүүлүгү, аймактын социалдык-экономикалык – экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп аткан долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди.
 КӨЭАУнун Эл аралык байланыштар жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Шарапат Нармирзаева университеттин демилгелүү студенттери жана окутуучулары тарабынан ишке ашырылып жаткан стартап долбоорлору менен тааныштырып, жергиликтүү бийликке мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кызмат көрсөтүү багытында кызматташуу сунушун берди.
 Жыйындын жүрүшүндө Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ханбийке Асанова сөз сүйлөп, шаар бийлиги менен жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтык билим берүү жана социалдык өнүгүүнүн маанилүү фактору экенин белгилеп, муниципалдык бийлик алдыда университет менен биргеликте бир катар иш-чараларды ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.
 Ошондой эле жолугушууда профессордук-окутуучулук курам тарабынан шаардын социалдык жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган сунуштар айтылып, пикир алмашуу болду. Көтөрүлгөн маселелерди алдыдагы иш пландарында эске алуу зарылдыгы белгиленди.
 Жыйындын соңунда тараптар кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана шаар менен университеттин өз ара байланышын жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча макулдашты.
 Белгилей кетсек, Ош шаардык мэриясы менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети буга чейин да тыгыз кызматташып келген жана бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.
 Коммуникация жана медиа департаменти