КӨЭАУнун окутуучуларын Ош-Сити курулуш компаниясы “мугалимдер күнү” менен куттуктады

 Компаниянын директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Рано Абдималиковна КӨЭАУнун 10 окутуучусун билим жана илим жолундагы эмгеги үчүн куттуктап, белектерин тапшырды.

Компаниянын бул колдоосун унверситеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков жылуу кабыл алып, конокторго университеттин атынан ыраазычылык билдирди жана жумуш берүүчү мекемелер менен тыгыз байланышта болуу зарылдыгын баса белгиледи.

Коммуникация жана медиа департаменти