Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасынын окутуучулары Ош шаарындагы №34 Ч.Түлөбердиев жана №30 А.Алиев атындагы жалпы билим берүүчү мектептеринде 2025–2026-окуу жылына карата профориентация жана мугалимдер үчүн усулдук усулдук семинар өткөрүштү.
Жолугушууда мектеп жетекчилери, мугалимдер жана 9–11-класстын окуучулары активдүү катышып, бүтүрүүчүлөргө университет тууралуу кеңири маалымат берилди. Окутуучулар факультеттер, профилдер, бюджеттик жана контракттык негизде окуу шарттары, колледж жана лицей мүмкүнчүлүктөрү, күндүзгү жана сырткы бөлүмдөр тууралуу түшүндүрмө берип, окуучулардын суроолоруна кеңири жооп беришти.
Профориентация үчүн атайын даярдалган гезиттер жана маалыматтык таркатмалар тапшырылып, маек жандуу жана кызыктуу форматта өттү. Университетте өтө турган “Ачык эшиктер күнү” тууралуу маалымат берилди жана расмий чакыруу жакын күндөрү жөнөтүлөрү белгиленди.
Ошондой эле мектеп мугалимдери үчүн “ХХI кылымдын көндүмдөрү жана инновациялык моделдер: теориялык жана практикалык мааниси”, “Булут технологиялары жана Google экосистемасы билим берүүдө” деген темаларда окутуу-усулдук семинар өткөрүлүп, катышуучулар үчүн жаңы методологиялык багыттар жана практикалык көндүмдөр сунушталды.
КӨЭАУ мындан ары да билим берүүнү өнүктүрүүгө жана мектептер менен болгон тыгыз байланыштарды кеңейтүүгө багытталган иш-аракеттерди уланта бермекчи.
Коммуникация жана медиа департаменти



