КӨЭАУнун окутуучулары мектептерде кесипке багыт берүү жумуштарын улантууда
Бүгүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинин Тил жана коомдук сабактар бирикмесинин окутуучулары бир нече багытта кесипке багыт берүү иш-чараларын жүргүзүштү.
Окутуучулар С.Масалиева, Р.Жумашова жана Г.Кыштообаева Ош шаарындагы №8 Горький атындагы мектепке барып, бүтүрүүчү класстардын окуучуларына колледждеги багыттар, мүмкүнчүлүктөр жана кабыл алуу шарттары тууралуу кеңири маалымат берсе, окутуучулар А.Мойдунова, А.Мангиева жана А.Турдушовалар Араван районундагы №10 Токтогул атындагы жалпы орто мектепке барышып, окуучуларга STEM колледжинин окуу программалары, өзгөчөлүктөрү жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу тааныштырышты.
Кесипке багыт берүү багытындагы мындай жолугушуулар окуучулардын туура кесип тандоосуна көмөк көрсөтүп, университет менен мектептердин кызматташтыгын дагы да бекемдөөгө шарт түзүүдө.
Коммуникация жана медиа департаменти




