Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Билим берүү инновациялары колледжинде «Башталгыч мектепте STEAM: изилдөөгө даярдык жана стратегиялык багыттар» аттуу кереге кеңеш жогорку деңгээлде өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоону заманбап талаптарга шайкеш жаңылоо, STEAM билим берүү ыкмаларын практикага киргизүү жана билим берүү программаларынын сапатын арттыруу болду.
Кереге кеңешке университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов, мектеп директорлору, мугалимдер, студенттер жана окуучулар катышып, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Ректор Абдилбает Мамасыдыков өз сөзүндө бүгүнкү күндө билим берүү системасы чоң өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатканын, айрыкча STEAM технологияларын, 4К компетенцияларын (критикалык ой жүгүртүү, коммуникация, креативдүүлүк, коллаборация) окутуу процессине терең интеграциялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов мындай иш-чаралар мугалимдердин кесиптик өсүшүнө жана билим берүү мекемелеринин кызматташтыгын бекемдөөгө зор салым кошорун белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Кереге кеңештин жүрүшүндө башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоодогу көйгөйлөр, билим берүү программаларынын максаттары жана күтүлгөн натыйжалары, STEAM жана 4К көндүмдөрүн интеграциялоо жолдору боюнча маселелер кеңири талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгында бир катар маанилүү сунуштар иштелип чыгып, билим берүү программаларын жаңылоо, практикалык даярдоону күчөтүү, STEAM технологияларын натыйжалуу колдонуу жана билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы белгиленди.
Иш-чара билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди биргеликте талкуулоого шарт түзүп, чыгармачыл, атаандаштыкка жөндөмдүү мугалим кадрларды даярдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Коммуникация жана медиа департаменти


