КӨЭАУнун профессордук-окутуучулук курамы Москвада стажировкадан өтүп келишти

21-26 ноябрь күндөрү Юридика-экономикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Алмагүл Көкөева, ошондой эле окутуучулар Нарбу Калиловна, Сулуукан Кожоевна, Каныкей Абдыманаповна жана Мээримгүл Султановна «Евразия мейкиндигинде билим берүү интенсивдерин уюштурууда компетенцияларды ѳнүктүрүү» аталышындагы стажировкага катышып келишти. Бул стажировка Мамлекеттик башкаруу университети жана Евразия тармактык университети менен биргеликте уюштурулган.
♦️Стажировканын алкагында катышуучулар Москва Мамлекеттик Юридикалык университетинде академиялык мобилдүүлүк, окутуунун заманбап ыкмалары жана юристтерди даярдоодогу актуалдуу өзгөчөлүктөр тууралуу талкууларга катышышты.
♦️Иш сапар Евразия экономикалык комиссиясында уланды, анда Кожошев Арзыбек Орозбекович кабыл алып, кеңири маалымат берди.
♦️Бул стажировкага Казакстан, Белоруссия жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү катышып, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
 Коммуникация жана медиа департаменти