Профессор Гулбадан Матиевага Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды

 Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин бүгүнкү жыйынында көрүнүктүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гулбадан Матиевага университеттин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.
 Жогорку наам профессордун илим тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана илимий кадрларды даярдоодогу жигердүү ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылды.
 Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков өз сөзүндө Гулбадан Матиеванын илимге жана билим берүү тармагына кошкон салымы өзгөчө баалоого татыктуу экенин белгилеп, бул наам анын эмгегине берилген жогорку сый-урмат экенин баса белгиледи.
 Өз кезегинде профессор Гулбадан Матиева терең ыраазычылык билдирип, университет менен илимий коомчулуктун кызматташтыгы келечекте дагы бекемделе турганын белгилеп, баалуу илимий эмгектерин белекке тапшырды.
 “Боордош эки элдин руханий баалуулуктарын синтездеп, ошол баалуулуктардын негизинде жаштарды тарбиялап чыгарып жатасыздар. Бул чоң сыймык жана жоопкерчилик. Ааламдашуу доорунда билим берүүдө инсандык асыл сапаттарды калыптандыруу эң актуалдуу маселелердин бири бойдон калууда. Бул сый-урмат мени жаңы иштерге шыктандырат. Бул багытта жакшы пландарым бар. Терең ыраазычылык билдирем,”- деди Г.Матиева.
 Бул чечим университет менен илимий коомчулуктун ортосундагы байланышты чыңдоого, ошондой эле илим менен жогорку билим берүүнүн интеграциясын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.
Коммуникация жана медиа департаменти