Эл аралык медициналык факультетинин жана Медициналык колледждин 1-курс студенттерин кабыл алуу аземи өттү

 Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык медициналык факультетинде жана Медициналык колледжинде 17-ноябрь – Студенттер күнү жана 1-курс студенттерин кабыл алуу аземи салтанаттуу белгиленди.
Майрамдык иш-чара университеттин 7-окуу имаратынын жаңы салтанат залынын кызыл тасмасын кесүү менен башталды.
КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган жетекчилик студенттерди майрамы менен куттуктап, жаңы кабыл алынган 1-курс студенттерине ийгиликтүү билим, кең келечек жана жигердүү студенттик жашоо каалады.
Андан соң Эл аралык медициналык факультеттин деканы, биология илимдеринин доктору, профессор Жыргал Самиева, ошондой эле Медициналык колледждин директору Насыр Талиповдор сөз сүйлөп, болочок дарыгерлерди жана медайымдарды кесиптик жолго түшүүсү менен куттукташты. Ошондой эле окууда жана коомдук-маданий иштерде активдүүлүк көрсөткөн студенттерге ардак грамоталар тапшырылды.
Салтанаттын жүрүшүндө ректор баштаган жетекчилер студенттерге билимдин символикалык ачкычын жана окурмандык билетти тапшырып, алардын студенттик жашоого расмий киргенин жарыялашты.
Иш-чара студенттердин концерттик программасы – ыр-бийлер менен улантылып, майрамдык шаңга бөлөндү.
 Коммуникация жана медиа департаменти