КӨЭАУнун Тажикстанга иш сапары: билим берүү тармагындагы кызматташтык кеңейүүдө

 Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган делегациянын Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында 2026-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдылдаев Эрлан Бекешович менен жолугушуу болуп өттү.
♦️ Жолугушууда кыргыз-тажик билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо маселелери кеңири форматта талкууланып, элчиликтин колдоосу менен Тажикстан Республикасында КӨЭАУнун кесипке багыт берүү иш-чараларын өткөрүү, ошондой эле атайын билим берүү форумдарын уюштуруу боюнча график макулдашылды.
♦️ Мындан тышкары, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында даярдоо бөлүмүн ачуу, тажикстандык абитуриенттерди тартуу жана студенттер менен иш алып баруу боюнча иш-чаралар пландалды.
♦️ Бул жолугушуу КӨЭАУнун эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана аймактык интеграцияны бекемдөө багытындагы иштеринин маанилүү баскычы болуп саналат.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти