ӨЭАУнун ректору Түркия Республикасынын негизделишинин 102 жылдыгына арналган расмий аземге катышты

 Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Мехмет Мустафа Кемаль Окемдүн чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделишинин 102 жылдыгына арналган расмий кабыл алууга катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасындагы элчилер, жогорку окуу жайларынын ректорлору жана башка расмий коноктор катышып, Түркия элин бул маанилүү дата менен куттукташты.
 Ошондой эле, КӨЭАУнун ректору А.Мамасыдыков Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчисин университетке расмий конок катары чакырды жана Кыргыз-Түрк Демир эл аралык банкынын жетекчиси Шефки Сарылар мырза менен университетте кампус жана башка долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
“Иш-чаранын алкагында Түркиянын окуу жайлары жана иш берүүчүлөрү менен кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен билим берүү долбоорлорунун келечегин талкууладык. Бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы достук жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө чоң түрткү берет деп ишенем”, – деди ректор А.Мамасыдыков.
 Коммуникация жана медиа департаменти