Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Корея Республикасында өтүп жаткан III Гуми билим берүү форумуна катышууда

 Форум Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин билим-илим министрлеринин уюму SEAMEO жана Кёнгун университети тарабынан уюштурулуп, санариптик билим берүү лидерлигин өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.
Форумдун алкагында Корея Республикасынын жана SEAMEO мүчө өлкөлөрүнүн санариптик билим берүүдөгү натыйжалуу лидерлик стратегиялары, инновациялык саясаттары жана мыкты тажрыйбалары талкууланып, технологияны окутууга жана билим берүү лидерлигине интеграциялаган, адамга багытталган санариптик инновациялык пландар иштелип чыгууда. Форумдун катышуучулары санариптик билим берүү лидерлигинде биргелешип окутууну жана кесиптик өнүгүүнү колдогон эл аралык өнөктөштүк тармак түзүүнү сунушташууда.
Форумга Түштүк Чыгыш өлкөлөрүнүн илим-билимге тиешелүү көрүнүктүү саясатчылары, университеттердин президенттери, ректорлору, билим берүү лидерлери, усулдук насаатчылар, изилдөөчүлөр жана билим берүү технологияларынын практиктери катышууда. Эл аралык жыйында пленардык баяндамалар жана панелдик талкуулар кызуу жүрүп, институционалдык кейс-презентациялар жана интерактивдүү семинарлар менен коштолууда.
КӨЭАУ дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине активдүү катышып, заманбап санариптик билим берүүнүн өнүгүшүнө өз салымын кошууда!
 Коммуникация жана медиа департаменти
*****