Рыспай таануучу” Султан Борошовго КӨЭАУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылды

 Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кыргыз маданиятына, руханий мурастарынын өнүгүшүнө жана залкар обончу – аткаруучу Рысбай Абдыкадыровдун чыгармаларын жайылтууга кошкон зор салымы үчүн белгилүү коомдук жана маданият ишмери Султан Борошовго университеттин Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.
 КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков КРнын маданиятынын мыкты кызматкери Султан Борошовго “Ардактуу профессор” наамын тапшырып атып, анын залкар композитор Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгын сактоого жана кеңири жайылтууга кошкон үзүрлүү эмгегин баса белгиледи.
“Султан Жумабекович көп жылдардан бери Рысбай Абдыкадыровдун чыгармаларын эл аралык аренада даңазалап келе жатат. Анын демилгеси менен эл аралык клуб негизделип, илимий изилдөөлөр, басылмалар, телерадио берүүлөр жана эл аралык деңгээлдеги чыгармачылык долбоорлор ишке ашып, улуттук музыка мурасы жаңы деңгээлге көтөрүлдү,”- деди ректор Абдилбает Мамасыдыков.
Эскерте кетсек, Султан Борошовдун түздөн-түз көмөгү менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Рыспай Абдыкадыровдун мурастарын изилдөө борбору ачылды. Бул борбор улуттук музыкалык мурастарды системалуу изилдөө, сактоо жана келечек муунга жеткирүү багытында маанилүү илимий аянтча болуп саналат.
Урматтуу Султан Жумабековичти бул жогорку наамы менен чын дилден куттуктайбыз! Бекем ден соолук, узун өмүр жана чыгармачылык жаңы ийгиликтерди каалайбыз!
Коммуникация жана медиа департаменти