Сборная Кыргызстана по волейболу — чемпион Туркской универсиады! Студенты КГУКЗ — в авангарде победы!

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы — Түрк универсиадасынын чемпиону!
КӨЭАУнун студенттери жеңиштин башында! 🇰🇬
2025-жылдын 5–8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы универсиада жыйынтыкталды.
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын университеттик командалары катышкан бул беделдүү мелдеште Кыргызстандын курама командасы 1-орунду камсыз кылды.
🏐 Кыргызстандын командасы:
– Алгач Өзбекстандын курамасын 3:1 эсебинде жеңип,
– Андан соң Казакстандын курамасын 3:2 эсебинде утуп, таймашты утушка жыйынтыктады.
Бул чоң жеңишке Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери — Эрнис Токтосунов жана Иляз Абдимомун уулу (Азирет) өз салымдарын кошушту.
🏅 Айрыкча, Иляз Абдимомун уулу (Азирет):
🔹 “Эң мыкты оюнчу”,
🔹 “Эң мыкты чабуулчу” номинацияларына татыды.
💬 КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор А.А. Мамасыдыков баштаган профессордук-окутуучулар жамааты студенттердин ийгилигин кубануу менен кабыл алып, аларга спорттук карьерасында мындан да чоң жетишкендиктерди каалашты.
Коммуникация жана медиа департаменти