«Аскердик милдет жана мыйзам: укуктук жоопкерчилик жана жарандык позиция» аталышында жолугушуу өттү

 Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика-экономикалык факультетинде «Аскердик милдет жана мыйзам: укуктук жоопкерчилик жана жарандык позиция» аталышындагы аскер кызматындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен мазмундуу жолугушуу болуп өттү.
 Иш-чараны университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн жетишкендиктерине токтолуп, студенттерди мекенчилдикке, мыйзамдуулукту урматтоого жана жарандык жоопкерчиликти жогору кармоого чакырды.
 Жолугушууга төмөнкү мекемелердин өкүлдөрү катышып, аскердик милдет, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана жарандык позиция тууралуу кеңири маалымат беришти:
 Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк-Батыш оперативдүү командачылыгынын 8-бөлүмүнүн башчысы, майор Аскар Жапаров;
▪️ Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлү Асейин Алымов;
▪️ Ош гарнизонунун аскер оркестринин башчысы, улук лейтенант Тимур Сулайманов;
▪️ Ош шаардык аскер комиссариатынын өкүлү, майор Алмазбек Арыкбаев;
▪️ Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунун өкүлдөрү
Иш-чаранын интерактивдүү бөлүгүндө студенттер төрт командага бөлүнүп, кызыктуу суроолорго жооп берип, жандуу талкуу уюштурушту. Мындай формат жаштардын активдүүлүгүн арттырып, ачык пикир алмашууга жана укуктук аң-сезимин тереңдетүүгө чоң өбөлгө түздү.
 Аскердик кызматтын өкүлдөрү бул жолугушуу университетте алгачкы ирет уюштурулуп жатканын белгилеп, жаштардын патриоттук сезимин жана жарандык жоопкерчилигин бекемдөөгө багытталган демилге үчүн Юридика-экономикалык факультетинин деканы, профессор Алмагүл Көкөевага ыраазычылык билдиришти.
 Иш-чара соңунда активдүү катышуучуларга ыраазычылык баракчалары жана белектер тапшырылып, жолугушуу көтөрүңкү маанайда жыйынтыкталды.
 Мындай жолугушуулар студенттердин укуктук маданиятын жогорулатып, мекенге болгон жоопкерчилигин бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.
Коммуникация жана медиа департаменти