КӨЭАУнун Окумуштуулар кеңешинин кезексиз отуруму болуп өттү

 11-декабрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезексиз отуруму ийгиликтүү өткөрүлдү.
📝 Жыйында окуу иштери боюнча проректор, философия илимдеринин доктору, профессор Аида Балтабаева университеттин 2025-жылдагы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча аткарылган иштери жөнүндө маалымат берип, коррупцияга каршы күрөшүүнүн 2025-2030-жылдарга карата стратегиялык планын сунуштады. Иш-чаралардын комплекстүү планы кеңеш мүчөлөрү тарабынан колдоого алынып, бир добуштан кабыл алынды.
Профессордук-окутуучулар курамына жана кызматкерлерге 2025-жылдын жыйынтыгына ылайык материалдык стимул көрсөтүү маселеси боюнча университеттин башкы эсепчиси Салима Курганбаева маалымат берип, сунушталган долбоор кызуу талкуудан кийин колдоого ээ болду.
 Окумуштуулар кеңешинин ар түрдүү маселелер бөлүгүндө университеттин өнүгүүсүнө багытталган бир катар маанилүү сунуштар айтылып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
 Коммуникация жана медиа департаменти