КӨЭАУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү

2026-жылдын 3-апрелинде, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму адаттагыдай эле ийгиликтерди жараткан сыйлык ээлерин куттуктоо менен башталды.
Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн эл аралык сынакта “КМШнын мыкты педагогу” сыйлыгы менен ТФФнын кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Б.Исмаилова жана ушул эле кафедранын доценти, филология илимдеринин кандидаты С.Жусуева жана ошондой эле студенттер: Мухтарбек кызы Айгерим, Элдина Туратова, Аяна Суйунова, Жумагүл Ташкулова жана Омина Ахмедовалар “Борбордук Азиянын мыкты студенти” сыйлыгынын диплому жана төш белгиси менен сыйланды. Окутуучулардын жана студенттердин өнүгүүсүнө мыкты шарт түзүп берген үзүрлүү эмгеги үчүн КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков да аталган эл аралык сынактын уюштуруучуларынын “Ыраазычылык каты” менен сыйланды.
Отурумдун күн тартибине ылайык университеттин Кадрлар бөлүмүнүн башчысы А.Жаманкулова кызматкерлерди жана студенттерди тейлөө багытындагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берип, кеңеш мүчөлөрү тарабынан канааттандырарлык деп табылды.
 Университетти санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер – учурдагы жетишкендиктер жана алдыдагы кадамдар боюнча ОМДнын директору Ч.Адылов баяндама жасап, жалпы талкуудан кийин анын отчёту да кабыл алынды.
“Доцент” окумуштуулук наамына талапкерлерге добуш берилип, алардын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиясына сунуштоого жөнөтүлдү.
Отурум иштиктүү маанайда өтүп, бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек и текст
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение один или несколько человек, помост и текст
Возможно, это изображение текст