КӨЭАУнун кызматкери Hult Prize 2025 дүйнөлүк финалына катышып келди

Кыргыз -Өзбек Эл аралык университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Шарапат Нармирзаева дүйнөдөгү эң чоң студенттик ишкердик демилгелердин бири болгон Hult Prize 2025 сыйлыгынын дүйнөлүк финалына расмий чакыруу менен барып катышып келди.
Иш-чара 5-сентябрь күнү Улуу Британиянын Лондон шаарындагы Tate Modern галереясында өттү.
Hult Prize — бул жаштарды дүйнөлүк көйгөйлөргө инновациялык чечимдерди табууга шыктандыра турган эл аралык сынак. Ар жылы 130 өлкөдөн 200 миңден ашуун студенттер социалдык багыттагы бизнес-идеяларын сунуштап келишет.
Быйылкы сынактын темасы «Чектөөсүз» деп аталып, студенттерге дүйнөнү өзгөртө турган каалаган социалдык ишкердик идеяларын сунуштоого мүмкүнчүлүк берилди.
Финалда сегиз мыкты команда өздөрүнүн долбоорлорун дүйнөлүк деңгээлдеги адистерден турган калыстар алдында сунуштап, баш байге үчүн таймашып, жеңүүчү командага 1 миллион АКШ доллары берилди.
Мындан тышкары иш-чаранын алкагында дүйнөлүк адистердин баяндамалары, панелдик талкуулар жана социалдык ишкердик менен алектенген жаштар, инвесторлор менен таанышууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Коммуникация жана медиа департаменти