Бүгүн Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков
Борбордук Азия университетинин Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин директору Диловар Бутабековду, Кыргызстан боюнча ПҮББМнин башчысы Нурбек Нишараповду жана Ош облусу боюнча ПҮББМнин координатору Алина Ташыбаеваны кабыл алды.
Жолугушууда тараптар алдыдагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, КӨЭАУнун базасында Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин филиалын ачууну, Англис тили боюнча Cambridge Assessment English модулдарын киргизүүнү жана долбоордук жана кыска мөөнөттүү сертификаттык курстарды уюштурууну кеңешти.
Бул демилгелер аркылуу КӨЭАУнун окутуучулары менен студенттери үчүн англис тилинде билим деңгээлин өркүндөтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.
Жолугушуунун соңунда ректор Абдилбает Мамасыдыков конокторго университеттин эстелик белегин тапшырып, кызматташтык мамилелери мындан ары да жемиштүү уланарына ишеним артты.
Коммуникация жана медиа департаменти



