Кыздар арасында эл аралык достук волейбол мелдешиинде НАМАНГАН СПОРТЧУЛАРЫ ЖЕҢИШКЕ ээ болду

 Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Өзбекстандын Наманган мамлекеттик университетинен келген делегациянын катышуусунда кыздар арасында эл аралык достук волейбол мелдеши ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Алгач Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик гимндери жаңырып, мелдеш расмий түрдө ачылды.
 Иш-чарага университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган профессордук-окутуучулук курам, Наманган мамлекеттик университетинен келген өкүлдөр жана эки окуу жайдын кыздар курама командалары катышты.
 Мелдештин салтанатуу ачылыш аземинде ректор Абдилбает Мамасыдыков сөз сүйлөп, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерге, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыкка, соода-экономикалык байланыштарга токтолду. “Эки элдин ортосундагы тарыхый, маданий жана куда-сөөк байланышы кылымдардан бери бекем уланып келе жатат. Бүгүнкү спорттук мелдеш да кыргыз-өзбек достугун чыңдап, эки окуу жайдын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин негизинде уюштурулуп жаткан алгылыктуу иш-чаралардын бири болуп саналат”, – деди ректор Абдилбает Мамасыдыков.
 Андан соң Наманган мамлекеттик университетинин спорт факультетинин деканы Нематжан Каримов сөз сүйлөп, мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, мындан ары да эки тараптын ортосундагы кызматташтык уланаарына ишенимин билдирди.
 Оюн жогорку деңгээлде, курч атаандаштыкта өтүп, эки команданын тең мыкты даярдыкта келгени байкалды. Жыйынтыгында, Кыргыз жергесине конок болуп келген Наманган мамлекеттик университетинин кыздар командасы жеңишке жетишип, I даражадагы диплом жана заманбап сыналгы менен сыйланды. Ал эми кызыктуу оюн көрсөткөн КӨЭАУнун кыздар курама командасына II даражадагы диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.
 Мындан сырткары, мелдешке катышкан башка оюнчуларга белектер тапшырылып, мыкты оюн көрсөткөн спортчулар өзүнчө дипломдор менен сыйланышты. Наманган мамлекеттик университетинин атынан университетке эстелик белек тапшырылды.
 Белгилей кетсек, эл аралык достук волейбол мелдешинин негизги максаты – эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достук мамилени бекемдөө, спорт аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү болуп саналат
 Коммуникация жана медиа департаменти