Студенттерге Президенттик стипендия тапшырылды

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 2 студенти Президенттик стипендиянын ээси болушту. 23-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 75 студентине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, ата салты менен нарк-насилин барктаган, билимге сугарылган, Мекенин сүйгөн жаштар — биздин келечегибиз экенин баса белгиледи.
2023-жылы өлкө боюнча окууда ийгилик жараткан 75 студент аталган стипендияга татыктуу деп табылып, 60 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылды. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде буга чейин дагы студенттер аталган стипендияны алып келишкен.
Бул стипендияны Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине берилип келет. Жаштарды колдоо, алардын чыгармачыл эмгектерине жана демилгелерине баа берүү максатында уюштурулган. Студенттердин окуудагы жетишкендиктери, эл аралык же республикалык олимпиадада, конкурстардагы, ар кандай мелдеште жеңүүчү болгон, маданий-массалык иш чараларда активдүү жүргөн студенттер ала алат.
Президенттик стипендия алган студенттер: Курманали кызы Айзирек, Кулмурзаева Роза Алмазбековна.