Студенттер арасында өткөн спорттук иш чаралар жыйынтыкталды

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жыл сайын салтка айланган факультет, колледждерде окуган жалпы студенттер арасындагы спартакиада жыйынтыкталды. Аталган спорттук иш чара бир жумага созулуп, спорттун 5 түрү боюнча ар бир факультеттин командалары күч сынашышты.
Жыл сайын өткөрүлүүчү факультеттер аралык спорттук мелдештин негизги максаты жаштарды дени-сак жашоого үндөө, достукту бекемдөө, жана университеттин курама командасына мыкты спортчуларды тандап алуу болуп эсептелет.
Мелдештин жүрүшүнө университеттин “Достук” спорт клубу, дене-тарбия мугалимдери калыстык кылышты. Спорттук таймашка окуу жайдын жетекчилиги 117 миң сом акча каражатын бөлүп берди. Жеңүүчү командаларга, мыкты оюнчуларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Университеттин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович сыйлык тапшыруу аземинде спортко жакшы көңүл бурулуп жатканын айтып, шаардык, облустук, республикалык, эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан студенттерге окуу төлөмдөрүнөн жеңилдиктер каралганын, керек болсо толук бошотуларына токтолду. Ошондой эле окуу жайдан мыкты спортчулар тарбияланып жатканын белгилеп өттү.