КӨЭАУнун теннисчи студенттери мыкты ийгиликтерге жетишти

Алымбек Датканын 225 жылдык мааракесине карата үстөл үстүндөгү теннис боюнча Ош облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгынын алдында өткөн Ош шаарындагы адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинин ачык биринчилигинде КӨЭАУнун студенттери мыкты жыйынтыктарга жетишти.
🥇 Шарапов Самат — (2008–2010-ж.) жаш курак категориясында 1-орун;
🥇 Кушбаев Жумабек — (2005–2007-ж.) жаш курак категориясында 1-орун;
🥈 Тилек уулу Арген — (2005–2007-ж.) жаш курак категориясында 2-орун;
🥉 Азимбеков Адилет — (2008–2010-ж.) жаш курак категориясында 3-орун.
“Бизде спорттук мелдештерге жигердүү катышкан көптөгөн мыкты студенттерибиз бар. Буюрса дагы да жогорку ийгиликтерге жетишебиз. Биздин эң башкы максатыбыз – окуу жайбыздын спортчуларын чемпион кылып, университетибизди даңазалоо”,- деди машыктыруучу, Дене тарбия жана спорт кафедрасынын мугалими Абдулазиз Назаров.
 Эскерте кетсек, сыймыктуу студенттер: Шарапов Самат менен Азимбеков Адилет Кесиптик колледжде, ал эми Кушбаев Жумабек менен Тилек уулу Арген Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинде билим алып атышат.
 Университет жамааты жеңүүчүлөрдү жана машыктыруучусун чын ыкластан куттуктайт!
Спорттогу ийгилигиңер дагы көп болсун, жаш спортчулар!
📸 Коммуникация жана медиа департаменти