Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Билим берүү инновациялары колледжинин студенттери дагы бир ирет мыкты билими жана талыкпаган эмгеги менен айырмаланышып, шаардык деңгээлдеги ийгиликти багындырышты.
3-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык педагогикалык колледжи тарабынан Ош шаарындагы орто кесиптик окуу жайлардын 1-курс студенттеринин арасында математика боюнча олимпиаданын 4-туру өткөрүлүп, ага жалпы 37 студент катышты.
Сынактын жыйынтыгында КӨЭАУнун Билим берүү инновациялары колледжинин мыкты студенттери төмөнкүдөй байгелүү орундарды ээледи:
2-орун — Караева Бегимай, ПНК9-1-25 тайпасы;
3-орун — Туташова Асема, ПД9-1-25 тайпасы.
Жеңүүчүлөрдү сынакка жогорку деңгээлде даярдаган окутуучулар
— Калыбекова Жумагүл,
— Аббазова Кызжибек,
— Анаркулова Майрам
сыяктуу кесипкөй педагогдор дагы сертификаттар менен сыйланышты.
Билим берүү инновациялары колледжинин директору, ф.-м.и.д., доцент Ч.Х.Абдуллаева студенттерди кызуу куттуктап, билим жолунда мындан да чоң ийгиликтерди жаратып, жаңы бийиктиктерди багындыра беришине тилектештигин билдирди.
Бул жеңиш — студенттердин талыкпай окуган эмгегинин жана колледждин сапаттуу билим берүү тажрыйбасынын айкын далили болуп саналат.
Коммуникация жана медиа департаменти




