КӨЭАУнун студенттери “Жалындуу жаштар” долбоорунда байгелүү орунга ээ болушту!

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тууралуу Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан “Жалындуу жаштар” долбоору иштелип чыгып, жогорку жана орто окуу жайлардын арасында сынактар өтө баштады.
Сергек жашоону, улуттук баалуулуктарды, көркөм ой жүгүртүүнү жана интеллектуалдык деңгээлди өнүктүрүүгө багытталган бул ири долбоордун алкагында кичи футбол боюнча мелдеш өтүп, Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин намысын коргогон студенттер мыкты оюн көрсөттү жана байгелүү 2-орунду багынтышты! Биримдиктин жана жигердүүлүктүн үлгүсүн көрсөткөн, намыска жараган жаштарды кезектеги жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение американский футбол и футбол
Возможно, это изображение футбол, американский футбол и текст
Возможно, это изображение американский футбол и футбол