КӨЭАУнун студенттери колледждер аралык англис тили олимпиадасында алдыңкы орундарды багындырышты

 

 Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Билим берүү инновациялары колледжинде Чет тили бирикмеси тарабынан уюштурулган англис тили жумалыгынын алкагында Ош шаарындагы колледждер аралык олимпиада жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Олимпиада үч турдан туруп, атайын иштелип чыккан жобонун негизинде өттү. Калыстар тобу Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын тажрыйбалуу окутуучуларынан түзүлүп, катышуучулардын билим деңгээлин адилеттүү баалашты.
 Таймашта ар кайсы колледждерден келген студенттер англис тили боюнча билимин, логикалык ой жүгүртүүсүн жана тил билүү жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
 Жыйынтыгында КӨЭАУнун Билим берүү инновациялары колледжинин студенттери жогорку жетишкендиктерди камсыздап, алдыңкы орундарды ээледи:
 2-орун — ИЯ11-2-25 тайпасынын студенти Рахматуллаев Абдулмухсин;
 3-орун — ИЯ9-4-23 тайпасынын студенти Каримджанова Гавхарой.
 Мындай интеллектуалдык таймаштар студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттырып, алардын тил билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле ар кайсы окуу жайлардын студенттери менен тажрыйба алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
 Университет жамааты жеңүүчү студенттерди куттуктап, мындан аркы окуу жана илимий иштерине ийгиликтерди каалайт.
Коммуникация жана медиа департаменти