КӨЭАУнун студенттери Президенттик стипендияга ээ болушту

 Билим — ийгиликтин ачкычы!
2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан өлкөбүздүн мыкты студенттерине ыйгарылган Президенттик стипендиянын лауреаттары аныкталды.
 Ийгиликке татыктуу болгон студенттердин катарында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин да сыймыктуу өкүлдөрү бар экенин кубануу менен белгилейбиз:
Каримов Эдгар Ринатович – Тарых-филология факультетинин ФО(АЯ)-2-22 тайпасынын студенти;
 Дарибек кызы Дилнура – Тарых-филология факультетинин ФО(КЯ)-1-22 тайпасынын студенти;
 Марипова Хадича Доорбековна – Инженердик-технология жана табигый-педагогикалык факультетинин ФМО(И)-1-22 тайпасынын студенти;
 Аскарова Раяна Базарбаевна – Инженердик-технология жана табигый-педагогикалык факультетинин ФМО(И)-1-22 тайпасынын студенти
 Университеттин жетекчилиги аталган студенттерди зор ийгиликтери менен куттуктап, аларга келечекте да билим жана коомдук ишмердикте жаңы бийиктиктерди багынтуусун каалады.
 Билимдүү, демилгелүү жана ийгиликке умтулган жаштарды республикалык деңгээлдеги жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.
Коммуникация жана медиа