10-март күнү Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбордо 2025-жылдагы «Студенттик стартап» пилоттук программасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Аталган конкурстун жыйынтыгында республика боюнча тандалган 10 мыкты студенттик стартап-долбоордун ичинен Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттери 3 долбоор менен жеңишке жетишип, университеттин илимий-стартаптык потенциалын дагы бир жолу далилдешти.
Жеңүүчү болгон долбоорлор:
• Аутизм жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо жана эмоционалдык таанып-билүүсүн өнүктүрүү борбору – 450 000сом;
• Digital Osh – 1000 000 сом;
• Kids Web Kyrgyzstan – 430 000 сом.
Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова катышып, студенттердин инновациялык демилгелерин колдоо — өлкөдө илимди, технологияны жана жаштар ишкердигин өнүктүрүүнүн маанилүү багыты экенине токтолду.
Аталган иш-чарага КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков да катышып, «Студенттик стартап» программасынын уюштурулушу студенттер үчүн чоң дем-күч берерин баса белгиледи.
“Бул долбоор өлкөбүздө алгач ирет демилгенип атат. Студент жаштардын жаңы инновациялык идеяларды иштеп чыгуусуна жана аларды практикага киргизүүсүнө эргүү берет деп ишенем. Сертификаттарды тапшыруу аземин жогорку деңгээлде уюштурган министрликке жана инновациялык фондго терең ыраазычылык билдирем,”- деди ректор А.Мамасыдыков.
Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү болгон бардык командаларга өз долбоорлорун ишке ашырууга гранттык колдоонун сертификаттары тапшырылды.
Бул жетишкендик — университеттин студенттеринин чыгармачыл ой жүгүртүүсүнүн, илимий изденүүсүнүн жана инновацияга болгон умтулуусунун жыйынтыгы.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жаштардын стартап демилгелерин мындан ары да колдоп, жаңы идеялардын ишке ашуусуна шарт түзө берет.
Коммуникация жана медиа департаменти




