Б.Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек Эл аралык университетинин Юридика – экономикалык факультетинин социалдык иштер багытындагы студенттери 1-октябрь – Эл аралык карылар күнү жана 19-октябрь – Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата “Социалдык иштер – гумандуу коомдун кесиби” аттуу бир жумалык декаданын алкагында кайрымдуулук иш чарасын уюштурушту.
Атап айтканда, декаданын эң таасирдүү иш-чараларынын бири — «Жакшылыкка бир кадам» кайрымдуулук жарманкеси болду.
Студенттер жарманкеге өз колдору менен тамак-аштарды жасап келишип, сатышып, түшкөн каражатка азык-түлүк сатып алып, Ош шаарындагы “Боорукердик” үйүндө жашаган карыяларга белек алып барып беришти.
Жаштар карыялар менен баарлашып, жылуу сөздөрүн айтып, көңүл бөлүштү. Өз кезегинде ата-апалар студенттерге ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берип, кубанычтарын жашыра алышкан жок.
Бул кайрымдуулук иш-чарасы студенттер үчүн боорукердик, адамга болгон камкордук жана социалдык адилеттүүлүк сыяктуу баалуулуктарды практикалык түрдө өздөштүрүүнүн мыкты үлгүсү болду.
Ушундай демилгелер аркылуу КӨЭАУнун жаштары коомго пайда алып келип, социалдык жоопкерчиликтин жандуу мисалын көрсөтүшүүдө.
Коммуникация жана медиа департаменти