КӨЭАУнун студенти Азирет Монголия чемпионатында беттештин мыкты оюнчусу аталды

 Гуманитардык-педагогикалык факультетинин дене тарбия адистигинин ФизК-1-23 тайпасынын студенти, волейбол боюнча спорттун чебери, КР улуттук курама командасынын оюнчусу Абдымомун уулу Ильяз (Азирет) Монголиянын волейбол чемпионатында мыкты оюн көрсөттү.
Ал ойногон «Минтонетт Гоби» командасы «Дорногови Ва» командасын 3:0 эсебинде жеңип, ишенимдүү артыкчылыкка ээ болду. Беттештин жүрүшүндө Ильяз Абдымомун уулу 24 упай топтоп, жогорку чеберчилигин көрсөтүп, жыйынтыгында оюндун мыкты оюнчусу деп табылды.
Бул жетишкендик кыргыз спортунун эл аралык деңгээлдеги аброюн дагы бир жолу даңазалап, жаш спортчулар үчүн үлгү болору талашсыз.
 Коммуникация жана медиа департаменти