Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар саясаты башкармалыгы менен биргеликте Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Студенттик жаштар комитетинин лидерлери Сулайман-Тоодо ишембилик өткөрүштү.
Ишембиликте жаштар айлана-чөйрөнү тазалоо, тартипке келтирүү жана экологиялык маданиятты жайылтуу багытында бирдиктүү аракеттерди көрүштү.
Студенттик лиделердин бул демилгеси шаар экологиясын жакшыртууга гана эмес, жаштар арасында жарандык жоопкерчиликти күчөтүүгө да чоң салым кошту.
КӨЭАУ жетекчилиги жана Студенттик жаштар комитети мындан ары да шаардык экологиялык жана коомдук иш-чараларга активдүү катышып, жаштардын демилгелерин колдоону уланта бермекчи.
Коммуникация жана медиа департаменти




