Сыйлыгыңыздар кут болсун!

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Примкулов Мусабай Маматовичтин куттуктосун окуу жайдын бириккен кесиптик бирлигинин төрагасы Шералы Эгембердиев университеттин ректоруна тапшырды. Буга улай эле КӨЭАУнун айрым окумуштуу-окутуучуларына республикалык, облустук, эл аралык профсоюз уюмдарынын төш белгилери жана Ардак грамоталары тапшырылды.