Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде казакстандык акын, котормочу, Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу Мухтар Ахат уулу Карибайдын чыгармачылыгына арналган адабий-поэзиялык кече болуп өттү.
Иш-чара кыргыз жана казак элдеринин адабий-маданий байланышын чыңдоого багытталып, эки элдин руханий жакындашуусуна кошкон салымды даңазалоо максатында уюштурулду. Калемгердин чыгармаларында мекенге болгон сүйүү, элдердин достугу жана маданий мурастар кеңири чагылдырылганы белгиленди.
Иш-чараны университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачып, мындай адабий жолугушуулар студенттер үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ экенин, үлгүлүү инсандар менен суроо-жооп форматында маек өткөрүү жаштарга чоң өбөлгө болорун белгиледи. Ошондой эле ал руханий кеченин башкы каарманы болгон Мухтар Ахат уулу Карибай кыргыз-казак элдеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого саясий гана эмес, маданий багытта да зор салым кошуп келе жаткан инсан экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Адабий кечеде Тарых-филология факультетинин окутуучулары жана студенттери калемгердин чыгармачылыгы боюнча баяндамаларды жасап, анын ырларынан көркөм окушту.
Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулу, акын жана котормочу Мухтар Ахат уулу Карибай уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай масштабдагы адабий иш-чаралар жаштарды китепке жана маданиятка жакындатууга чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ал казак менен кыргыз элдеринин бир туугандыгын, эки элдин маданияты, адабияты жана жашоо-турмушу окшош экенин айтып, өзүнүн жазган жана которгон ырларынан көркөм окуп берди. Айрыкча «Атамдын такыясы» аттуу ыры поэзия күйөрмандарын терең ойго салып, чоң таасир калтырды.
Иш-чара андан ары студенттер менен калемгердин ортосунда суроо-жооп жана эркин баарлашуу менен коштолду.
Кеченин жыйынтыктоо учурунда акын-дипломат өзүнүн автордук китебин университетке белек катары тапшырды. Ал эми КӨЭАУнун ректору, проефссор Абдилбает Мамасыдыков чыгармачыл жаштарга мыкты мотивация бергени үчүн ардактуу конок – Башкы консул Мухтар Ахат уулу Карибай мырзага университеттин атынан ыраазычылык билдирип, атайын эстелик белектери менен сыйлады.
Коммуникация жана медиа департаменти








