КӨЭАУда Совет акыны Муса Жалилдин 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Тарых-филология факультетинин орус филологиясы кафедрасы тарабынан Муса Жалилдин 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
 Иш-чаранын ачылышында университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышуучуларды куттуктап, белгилүү татар совет акыны, баатыр Муса Жалилдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сөз кылды. Ал өз сөзүндө университет орус тилдүү мугалимдерди даярдап келе жатканын, Ош шаарындагы Орус үйү менен тыгыз кызматташып, ар түрдүү долбоорлорду биргеликте ишке ашырып келе жатканын баса белгиледи. Ошондой эле жаштарды башка тилдерди үйрөнүүгө чакырды.
 Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам университет менен тыгыз кызматташтыкта болоруна ыраазычылык билдирип, бүгүнкү иш-чаранын маанисине токтолду.
 Иш-чаранын алкагында чет өлкөдөгү “Россиялык мугалим” долбоорунун катышуучулары ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Мындан тышкары, иш-чарада Муса Жалил тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, анын чыгармаларынан үзүндүлөр окуулуп, анын фашисттерге каршы күрөшү жана Моабит түрмөсүндө жазган “Моабит дептери” чыгармалары тууралуу маалыматтар берилди.
 Иш-чара «Кыргызстан менен Россия: тарых менен байланышкан, достук менен бекемделген!» деген ураан алдында өткөрүлүп, билим берүү жана маданий кызматташтыкты чыңдоого багытталды.
 Муса Жалилдин чыныгы аты — Муса Мустафович Залилов. Ал 1906-жылы туулган. 13 жашынан баштап ыр жазган, совет доорунун атактуу татар акыны болгон. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда фронтко өз ыктыяры менен барып, немистер туткунда болгондо жашыруун антифашисттик уюм түзгөн. Берлиндеги Моабит түрмөсүндө отуруп, “Моабит дептери” чыгармаларын жазган. 1944-жылы нацисттер тарабынан өлүм жазасына тартылган, бирок кийин СССР Баатыры наамы менен сыйланган.
Коммуникация жана медиа департаменти