Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө жана Ч.Айтматовдун 96 жылдыгы карата “Акындык сапарга кадам” аттуу адабий кече болуп өттү.
Адабий кечени тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасы “Ала-Тоо Алтай санаттары” адабий бирикмеси менен биргеликте уюштурду.
Кечеге тарых-филология факультетинин деканы Жаннат Каденова, кыргыз филологиясы кафедрасынын башчысы Бактыгүл Исмаилова, “Ала-Тоо Алтай санаттары” адабий бирикмесинин негиздөөчүсү Айнура Апиева, акын, жазуучулар катышып, таланттуу студенттердин өнөрлөрүнө күбө болушту. Мында студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү көрсөтүп, автордук ырларын көркөм окуп, обондуу ырларды аткарып беришти.