2026-жылы жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөрүлүп жаткан Универсиада мелдешинде Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин баскетбол боюнча кыздар курама командасы жогорку чеберчилигин көрсөтүп, I лигада 2-орунду татыктуу багындырды.
Команданын ийгилигине чоң салым кошкон машыктыруучу — КӨЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн жана дене тарбия жана спортунун мыкты кызматкери
Курсантбек Каимов.
Белгилей кетсек, быйылкы Универсиадага өлкөдөгү жогорку окуу жайлардан 2500–3000ге жакын студенттер катышууда. Мелдештер Жогорку лига жана I лига форматында өтүп, студенттер 15 спорт түрү боюнча күч сынашууда.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген командалар тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар жана кубоктор менен сыйланышат.
КӨЭАУнун студенттерин жана машыктыруучуларын бул жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы мелдештерде дагы жаңы жеңиштерди каалайбыз!
Коммуникация жана медиа департаменти

