Ура! КӨЭАУнун студенти Кыргыз Республикасынын чемпиону!

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинин дене тарбия профилинин 3-курсунун студенти Токтосун уулу Аманбек Кыргыз Республикасынын инклюзивдүү кол күрөш боюнча чемпионатында биринчи орунду багындырды!
КӨЭАУнун студенттери акыркы күндөрү спорт тармагында болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерге ээ болуп, университеттин желегин бийик желбиретүүдө.
Аманбек таймашта жогорку аракетин, күчтү туура бөлүштүрүү чеберчилигин жана эрктүүлүктү көрсөтүп, атаандаштарын артка калтырды.
Университет жамааты таланттуу студентибизди чын жүрөктөн куттуктайт! Алдыда дагы көптөгөн спорттук ийгиликтерди багындыруусуна ишенебиз.
КӨЭАУнун жетекчилиги активдүү жаштарды ар тараптуу колдоону системалуу түрдө уланта бермекчи.
Коммуникация жана медиа департаменти
Возможно, это изображение текст
Возможно, это изображение батут и текст
Возможно, это изображение текст