26-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин №02-3/45 буйругунун негизинде “Билим берүү уюмдарындагы кесиптик бирликтин ролу: укуктар жана милдеттер” аттуу окуу-семинары өткөрүлдү.

Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шерали Эгембердиев баш болгон түзүмдөрдүн төрага, төрайымдары активдүү катышты.

Семинарды КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Акылбекович Бойонов ачып, профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берди.

Окуу учурунда жамааттык келишимдерди түзүү, мыйзам актыларына таянуу жана кесиптик бирликтин эмгек институту тууралуу практикалык маалыматтар айтылды.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга Борбордук комитет тарабынан расмий сертификаттар тапшырылды.

Коммуникация жана медиа департаменти



