Араван районундагы SEKOM окуу борборунун окуучулары КӨЭАУ менен таанышууга келишти

Делегацияны университеттин жетекчилиги, кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен биргеликте жылуу маанайда тосуп алып, окуу жай тууралуу кеңири маалымат беришти.
Билимге умтулган, жигердүү жаштар университеттин материалдык-техникалык базасы, адистиктер боюнча билим берген профессордук-окутуучулар курамы жана стартап борборунун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты.
Стартап борборунда студенттердин демилгеси менен ишке ашып жаткан өндүрүш процессине күбө болушуп, борбор жетекчисинен ишкердикти кантип баштоо керектиги тууралуу пайдалуу кеңештерди угушту.
Окуучулар ЖОЖго кабыл алуу, документ тапшыруу жана адис болууга карай жол кандай баскычтардан турары тууралуу маалыматтарга да ээ болушту.
“Жолугушууну жогорку деңгээлде уюштуруп берген университет жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Бул таанышуу жаштардын кесип тандоосуна багыт берип, мотивациясын арттырат”, – деди аталган окуу борбордун жетекчиси Элмурат Обдунов.
📸 Коммуникация жана медиа департаменти