Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан жогорку окуу жайлар үчүн жарыяланган Академиялык инновациялык фонддун (АИФ) гранттык сынагы боюнча онлайн форматта кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө АИФ гранттык программасынын максаты, негизги талаптары жана долбоорлорду тандоо критерийлөри тууралуу маалыматтар берилип, университеттердин илимий потенциалын жогорулатууга жана инновациялык демилгелерди колдоого багытталган мүмкүнчүлүктөр айтылды.
Иш-чарага Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган окутуучулар жана окумуштуулар активдүү катышып, гранттык сынакка катышуунун шарттары жана долбоорлорду даярдоо боюнча маалыматтарга ээ болушту.
Жолугушуунун алкагында гранттык сынак жогорку окуу жайлардагы изилдөө иштерин өнүктүрүүгө, академиялык программаларды жаңылоого жана университеттер менен экономиканын ар кыл тармактарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.
Белгилүү болгондой, Академиялык инновациялык фонддун гранттары «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, жогорку окуу жайларда илимий изилдөөлөрдү, инновацияларды жана академиялык өнүгүүнү колдоого багытталган.
Гранттын максималдуу суммасы — 200 000 АКШ долларына чейин;
Долбоордун максималдуу узактыгы — 36 айга чейин.
Университеттин окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү аталган мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, билим берүү сапатын жогорулатууга жана инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демилгелерди сунуштоого чакырылды.
Коммуникация жана медиа департаменти




